COVID-19. Баткен облусунда вирус жуктургандардын саны көп

11:45, 16 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада вирус жуктургандар эң көп Баткен облусунда катталды (18 жаңы учур). Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, Бишкек шаарында — 11, Ош шаарында— 3, Чүй облусунда — 5, Ош облусунда- 14, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда— 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда— 9 жаңы учур катталды.

Март айынан бери өлкөдө 45 миң 72 киши вируска чалдыкты.