11:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткенде 46 жаштагы жаран бир туугананын өлтүрүп алды

Баткенде 46 жаштагы жаран өзүнүн 63 жаштагы бир туугананын өлтүрүп алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Алардын маалыматында, Кыштут айылынын 63 жаштагы тургуну өз үйүндө каза тапты. Ал 81 жаштагы апасы менен бир үйдө жашап келген.
 
«Аны 46 жаштагы иниси «сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын» деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган. Жабырлануусу алган жараатынан улам каза болду», — деп айтылат маалыматта.
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума