Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселесин жыйынтыктоо алдында турат

10:09, 16 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумуш топтору жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы районундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85% такталган. Учурда калган 15 пайыз боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөттүн маалыматында, дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилди.