Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы районундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85% такталган. Учурда калган 15 пайыз боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөттүн маалыматында, дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилди.