18:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кафелерге 50дөн ашык киши алууга уруксат бериле элек. Бирок, тойлор өтүүдө

Кафе-ресторан жана тойканаларга 50дөн ашык кишини кабыл алууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчысы кафе-ресторандарга эскертүү жасап, азырынча аларга толук иштөөгө урусат берилбегенин айтты.

«Республикалык штабда маселе каралмайынча, алардын ачылбастыгын эскертемин. Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээелери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат», — деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума