Кыргызстанда бет кап жана коргонуучу каражаттардын үч айлык запасы бар

11:31, 15 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бет кап жана коргонуучу каражаттардын үч айлык запасы бар. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, учурда 8 ишкана бет кап тигүүдө.

«Алар күнүнө 10 миңден 50 миңге чейин бет кап чыгарышууда. Азыр бизде 6 миллиондой бет кап бар. Дагы эки тигүүчү цех медиктерге коргонуучу кийимдерди тигүүдө. Бул жаатта кооптонуунун кереги жок. Үч айлык запасыбыз бар», — деди Сабиржан Абдыкаримов.

Март айынан бери Кыргызстанда 44 миң 999 киши вирус жуктуруп, 1 миң 61 адам кайтыш болду.