COVID-19. Вирус жуктурган медиктердин жалпы саны 3 миң 174кө жетти

11:28, 15 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусундагы эки медкызматкерден вирус аныкталды.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3174 учур катталды, алардын ичинен 2710 медкызматкер айыгып чыкты.