11:23, 15 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 71 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 23.
Март айынан бери Кыргызстанда 44 миң 999 киши вируска чалдыкты.