16:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аскар Шабданов: Ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртууга салым кошобуз

Аскар Шабданов жогорку билимдүү. КМУнун экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча 13 жылдан бери финансы системасында эмгектенип келе жатат. Улуттук банктан коммерциялык банктарга чейин иштеди. Жөнөкөй кызматтан жетекчиликке чейин жетип, тажрыйба топтоду. Талас облусунун губернаторунун жардамчысы болду. Шаардык кеңештин эки чакырылышынын депутаты болду. Бул жактан маселенин күрөө тамырынан кармаганды, аны чечүүнүн жолдорун үйрөнгөнүн айткан Аскар мырза, «Эл менен иштөөнү үйрөндүм, өзүмдү ар тармактан өстүрүүгө аракет кылдым», — дейт.

— Иштин көзүн табууга аракет кылган, ар тараптан өзүңүздү өнүктүргөн адам экенсиз. Эмне үчүн башка партияны эмес, «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз?

— Анын себеби бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнүп, карапайым элдин арасынан чыккан жигердүү жаштарга басым коюп, жаңы жүздөрдүн саясатка аралашышына мүмкүнчүлүк берип, элетти көтөрүүнү колго алды. Элет өнүксө — эл өнүгөт. Эң негизгиси «Мекеним Кыргызстан» партиясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Талас шаарынан 2 талапкер чыгарды. Мындай нерсе Талас шаарынын тарыхында болгон эмес. Программасы артыкчылыкка бай болгон үчүн, лидерлери жаштарга басым жасаганы үчүн парламенттик шайлоого ушул партия менен аттанууга белсендим. Элибиз саясаттан чарчап турган заманда, биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртуу жана экономика тармагына өнүгүшүнө салым кошот. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар бар. Программанын чоң бир бөлүгү айыл чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт. Мен бул күчтүү командада экениме, партиянын мүчөсү болгонум менен сыймыктанам.

— Депутат болуп калсаңыз, партиянын программасын ишке ашырууга киришесизби же башка да көздөгөн максатыңыз барбы?

— Кудай буюруп, депутат болуп калсам, партиябыздын программасын партиялаштарым менен бирдикте ишке ашырууга аракет кылам. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, эффективдүү иштетүүгө аракет кылып, бири-бирин кайталаган көп ведомстолорду жоёбуз. Тагыраагы, чиновниктердин санын азайтып, аларга корогон каражатты билим берүүнү, медицинаны өнүктүрүүгө жумшайбыз. Маданиятты көтөрөбүз. Үнөмдөлгөн каражатты максаттуу пайдаланабыз. Пандемия медицинаны абалын алаканга салып көрсөтүп койгондой абал башка тармактарда болбошу керек деген максатта иш алып барабыз.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар