13:37
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Дыйкан — Кара-Кече автоунаа жолуна жер көчкү түштү. Тазалоо иштери башталды

Дыйкан — Кара-Кече автоунаа жолунун 37-чакырымын жер көчкүдөн тазалоо жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда саат 12:00 чамасында кулаган көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учуратып, жолду жаап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы көлөмү 900 миң метр кубга чамалуу кыртыш активдешип, жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөнүн кабарлады.

Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кооптуу абалга байланыштуу Дыйкан — Кара-Кече каттамы убактылуу жабылды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматы боюнча, премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кечедеги кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар