12:44, 14 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Назарбеков Мирлан Рысбекович Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында 1977-жылы 11-октябрда төрөлгөн. Мектепти Кемин шаарында «Даанышман» лицейинде алтын медаль менен аяктаган. Кесиби — юрист, КМУнун юриспендиция бөлүмүн бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Финполицияда эмгектенген. 2004-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөлүү. Үч уул, эки кыздын атасы.
Мирлан Рысбекович кечээ, 13-сентябрда Кара Буура районунун Чоң Кара Буура айылынын жашоочулары менен жолукту. Алгачкы эле сурообуз элет элинин көтөргөн маселеси болду.
— Мирлан Рысбекович эл менен жолугушууда кандай маселелерди көтөрүп жатышат?
— Кудайга шүгүр, кайсы жерге барбайлы эл жакшы кабыл алып, жолугушуу ийгиликтүү аяктоодо. Мен алгач эл менен жолугушууну Үч-Булактан баштадым. Экинчи жолугушуум Чоӊ-Карабуура айылында болду. Элдин көтөргөннегизги маселелери бул — таза суу, бала бакча, газдаштыруу, жол. Башка дагы жеке маселе менен кайрылгандар да болду.
— Талапкерлерге, дегеле «Мекеним Кыргызстан» партиясына элдин ишеними канчалык экен?
— Ортодон жогору көрсөткүчтө деп ойлойм, ишенимдүү булактар дагы ошентип айтышууда. Жалпысынан жаман эмес. Иштеш гана керек! Кесибим юрист болгону менен айыл, эл турмушун жакындан жакшы билем. Элдин суроо-талабын кантип женилдетсем деген ой-максатта көп ойлондум да, анан ушул жолду тандадым.
— Кайсы маселеден баштайын деп атасыз?
— Эӊ биринчи эле маселе — аймактарды өнүктүрүү. Кантип жумуш орундарын түзүү керек деп көп ойлоном. Кудай жалгап, парламентке депутат болуп барып калсам ушул маселелерди чечмекмин, жергиликтүү башкаруу мыйзамын жана банктар боюнча мыйзам жазууну колго алмакмын.
— Соӊку суроо. «Мекеним Кыргызстан» партиясын кандай критерий менен тандадыӊыз: лидерин карадыӊызбы же партиянын программасынбы?
— Экөөнү теӊ карадым. Программасы да, лидери да купулума толду. Ошондон улам, ушул партия менен бирге барууну туура көрдүм.
Маектешкен Кызгалдак ЖАКЫПОВА
***
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.