08:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Адилет Канымбеков — «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанган Адилет Канымбеков бүгүн, 14-сентябрда Чүй облусу Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылынын жаштары менен жолугушту.

Жолугушууга катышкан айылдын жаштары Адилет Канымбековду саясый жарышта колдой тургандыгын айтып, жаш талапкерге ак жол каалашты.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү-жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Биз жаштыгыбызга карабай — Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ойдобуз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында мамлекетте кандай гана абал болбосун, кыйынчылыктан чыгуунун ар тараптуу жолдору каралган. Биздин партия конструктивдүү саясый күчтөр, жарандык коом менен жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» партиясы — бул жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

Келечектеги биз жаштар, куру кыялдардан арылып, алдыга карай өнүгүүгө үйрөнүшүбүз керек! Адилеттүү коом болсо, туруктуу экономика болот. Өлкө акыркы 30 жылдагы басып өткөн жолдорун кайталай бербей, Кыргызстанды өнүктүрүүдө чечкиндүү кадам таштоо зарыл.

Күчтүү коом — күчтүү эл! Биздин «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейбиз, — деди депутаттыкка жаш талапкер Адилет Канымбеков жаштар менен жолугушууда.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар