11:22, 14 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Өлкө боюнча бир сутка ичинде 47 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында- 8, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 2, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 10 жана Баткен облусунда — 14.
Март айынан бери вирус жуктургандардын саны 44 миң 928ге жетти.