07:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди.

Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз.

«Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар.

Биздин максат:

  • Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу;
  • Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу.

Биздин приоритеттер: 

  • Жеке эркиндик;
  • Экономикалык эркиндик;
  • Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу;
  • Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик;
  • Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк.

Биздин принциптер:

  • Улуттук кызыкчылыктарга приоритет;
  • Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык;
  • Либералдык-плюралисттик башкаруу;
  • Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик;
  • Рационализм жана прагматизм;
  • Бардар эл жана бакубат өлкө.
1
Элибиз – эң башкы байлыгыбыз!

Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар.

Биздин сунуш:

– Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу;

– Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү;

– Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу;

– Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү;

– Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди.

Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак.

Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет.

2
Биринчи байлык – ден соолук

Советтер Союзу урап, Кыргызстан эгемендик алгандан көп өтпөй бир катар эл аралык донор уюмдардын катышуусу менен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо башталган. Бирок андан бери 30 жылдай өтсө да ал реформалардан жакшы майнап чыкканы байкалган жок. Өзгөчө коронавируска байланышкан соңку жагдай бул тармактагы абал кандай экенин ачык-айкын көрсөтүп койду. Демек, тармак жаңыча мамилеге, жаңы реформаларга муктаж.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасындагы негизги проблемалар:

– мамлекеттик медицина системасында айлык акынын аздыгы;

– эскирген инфраструктура;

– тейлөө сапатынын начардыгы;

– атаандаштыктын төмөндүгү;

– башкаруунун жана жөнгө салуунун алсыздыгы;

– расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү.

Бул тармактагы улуттук жана башка программалардын көпчүлүгү негизинен эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен ишке ашкан, же ишке ашууда. Анда эч кандай мамлекеттик каржылык салым жок. Азыр бул тармак финансылоодо чоң кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын ачык моюнга алуубуз керек. Натыйжада мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда.

Демек, бөлүп-бөлүп реформалоо бул тармакты оңдой албасын моюнга алуу зарыл. Баскыч-баскыч менен реформалоо парадигмасы өзүн актаган жок.

«Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты.

Анын өзөгү бул системага тезинен рыноктук механизмдерди киргизүүдө жатат. Эгер биз өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканалар болушун жана баарыбыздын колубуз жеткидей реалдуу, ыкчам медициналык тейлөөнү кааласак, анда ушундай кескин чараларга барышыбыз зарыл.

Грузиянын тажрыйбасы реформа башталгандан тарта эки жыл ичинде эле бүт өлкө боюнча көп профилдүү заманбап ондогон оорукана салып койсо болорун көрсөттү. Алар буга саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик функционалдын бир тобун жеке секторго которуу менен жетишти.

Ар кандай изилдөөлөр Кыргызстандын жакыр катмардагы жарандары ооруканага түшүп калса жылдык кирешесинин 70 пайыздан ашыгын короторун аныктаган. Көптөр дары-дармек жана дарылануу акысын жабуу үчүн болгон мүлкүн сатууга же ири карыз алууга аргасыз. Мунун айынан салттуу эмес, далилсиз медицинага, тактап айтканда, эмчи-домчуларга кайрылгандардын катары калыңдап баратат.

Биздин сунуш:

– Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон;

– Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү – жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап, жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек;

– Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл;

– Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз;

– Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз;

– Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу;

– Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт.

3
Билими күчтүү миңди жыгат

Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү.

Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар:

– Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга, же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш;

– Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат;

– Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу;

– Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган.

Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар:

– Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек;

– Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу;

– Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу;

– Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү.

Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист, же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда.

4
 Маданият – жан дүйнө азыгы

Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат.

Биздин сунуш:

– Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо;

– Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу;

– Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу;

– Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо;

– Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу.

5
Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул

Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда.

Биздин сунуш:

– Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо;

– Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу;

– Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу;

– Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу;

– Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет;

– Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу.

6
Күчтүү коом – күчтүү эл

Кыргыз Республикасы – коомдук турмушка активдүү аралашкан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын саны, таасири боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөлөрдүн бири.

Демократиялык баалуулуктар биздин маданият менен жуурулушуп, активдүү жарандык позиция менен сөз эркиндиги айкалышкан уникалдуу моделди жаратты. 2020-жылы Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 82-орунду ээледи. Салыштырып караганда, ушул эле рейтингде Казакстан 157, Өзбекстан 156, Тажикстан 161-орунда турат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдө сөз эркиндигин чыңдоого жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган бардык мыйзамдык демилгелерди колдоо ниетинде.

Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да интернетти түрдүү жолдор менен чектөө чаралары жана мыйзамдар менен тескөө аракеттери болууда.

Эл аралык коомчулук бир канча убакыттан бери интернеттин жалпы конституциясын (кодекс) кабыл алуу маселесин талкуулоодо. Мындай конституцияны кабыл алуу, маселен БУУнун алкагында улуттук деңгээлде интернет-эрежелерин киргизүүгө байланышкан көптөгөн проблемаларга бөгөт коюуга, же алдын алууга шарт түзмөк.

Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзам долбоору кабыл алынышы кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланды. Демек, бул маселеге эл да тынчсызданат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы мындан ары интернет-конституция (кодекс) маселеси улуттук деңгээлде чечилишин күтүп тура албайт.

Биздин сунуш:

– Өзүбүздүн кыргыз интернет-конституцияны (кодексин) иштеп чыгуу керек. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин дароо долбоорду даярдоо боюнча жумуш тобун уюштуруу. Ага жарандык коомдун кадыр-барктуу өкүлдөрү, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана депутаттар милдеттүү түрдө кириши керек. Кыргыз интернет-конституциясынын долбоору кеңири коомдук талкуудан өтүүгө тийиш.

7
Иштин башы – ишкерлик

Жакынкы он жылдыкта чакан жана орто бизнес экономикалык өнүгүүнүн локомотивине айланат. Кризис шартында көптөгөн ири компаниялардын кайра өзүнө келип, чыгашаларын жабуу менен киреше табууга өтүүсү бир үй-бүлөнүн масштабындагы кичи ишканаларга салыштырмалуу кыйыныраак.

Бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча биздин сунуш:

– Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү. Анын ичинде уруксат берүү, башкача айтканда, ишкана ачуудан тарта аны электр жана суу менен камсыздоо тутумуна туташтырууга чейинки жол-жоболорду да;

– Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу;

– Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү;

– Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу;

– Кризистик шартта бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу.

Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээлеп, бир жылда он позицияны жоготту. «Мекеним Кыргызстан» 2025-жылы бул рейтингде алгачкы «жыйырмалыкка» түшүүнү максат кылууда.

8
Санарип каганат

Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар.

Биздин сунуш:

– Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз.

– Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек;

– Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу;

– IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу.

– Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

– IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу;

– Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек;

– ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн.

9
Жашыл экономика – жаркын келечек

Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда стационардык булактардан чыккан заттар 50%га көбөйгөн. Айыл чарбасында гербициддерди колдонуу 85 пайызга чейин өстү. Жайыттар жабыркап баратат. Токой фондусунун аянты 20 пайыздай кыскарган. Азыркыга чейин бир катар айылдардын калкы ичүүчү таза сууга жетпей келет. Адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында мөңгүлөрдүн аянты азайып баратат.

Бирок региондогу коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экологиялык абал жакшыраак. Алардан айырмаланып бизде ири химиялык жана башка зыяндуу ишканалар жок жана электр энергиясынын дээрлик 90 пайызы ГЭСтерден алынат. Ушул негизде биз региондо «жашыл экономиканын» өнүгүү аянтчасына, анын технологияларын өткөрүүчүсүнө айлана алабыз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү эл алдындагы, кийинки муун алдындагы жоопкерчилигин, Кыргызстан келечекте кандай болорун, андагы экосистемалар кандай сакталарын жана биздин балдарыбыз канчалык таза аба менен дем аларын толук түшүнүп, сезип турабыз.

Биздин сунуш:

– Транспорттун жогорку сапаттагы бензинге, газга же электр энергиясына өтүшүнө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларды сертификациялаган лабораториялардын ишине байланыштуу ЕАЭБ эрежелеринин аткарылышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу;

– Транспортуна экологиялык таза күйүүчү майларды пайдаланган бизнес-ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү;

– Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорт системасын баскыч-баскычы менен масштабдуу реконструкциялоо программасын иштеп чыгуу;

– Көмүр колдонгон жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруудан баш тартуу;

– Жеке сектордо жылытууну энергия үнөмдөөчү газ мештерине тезинен которуу;

– Суук мезгилде электр энергиясына дифференциалдуу тариф киргизүү;

– Күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууну өнүктүрүү;

– Бардык мамлекеттик мекемелерди энергия үнөмдөөчү чырактарга өткөрүү;

– Көчөлөрдү жарыктандырууну энергия үнөмдөгөн чырактарга которуу;

– Био жер семирткич өндүрүүнү стимулдаштыруу;

– Мал чарбасында зыяндуу дары-дармектерди, анын ичинде антибиотик менен анаболиктерди колдонууга катуу көзөмөл киргизүү;

– Экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү мамлекеттик деңгээлде колдоо;

– «Жашыл» ишкерликти колдоо.

10
Мекен айылдан башталат

Кыргызстан – агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Биздин айыл чарбанын, анын ичинде экспорттун потенциалын көтөрүү үчүн багбанчылыкты өнүктүрүүгө кунт коюу зарыл. Көп жылдык бак өсүмдүктөрүнүн түшүмүн сатуу рентабелдүү бизнес жана ушул багытты өркүндөтүү абзел. Маселен, Молдова мурда бизден грек жаңгагын сатып алчу. Кийинчерээк өздөрү 15 миң гектар жерге жаңгак өстүрүп, азыр анын түшүмүн сатуудан эле жылына 100 миллион евродой пайда табат.

Кыргызстан үчүн алма, өрүк, гилас, шабдаалы жана башка интенсивдүү бак өсүмдүктөрүнө ылайыкташкан айыл чарба бирикмелерин түзүү абзел. Алар мол түшүм бергендиктен көбүрөөк рентабелдүү.

«Мекеним Кыргызстан» ушундан улам «Кыргызстан бактары» улуттук программасын ишке ашырууну сунуштайт.

Жер реформасынын натыйжасында Кыргызстан майдаланган, чакан айыл чарба өндүрүшүнө ээ болду. Бирок биз азыр күч-аракетибизди чарбаларды формалдуу кеңейтүүгө багыттабашыбыз керек. Азыр негизинен кооперация же кызматташтыкты чыңдоого көңүл буруу зарыл. Бизге азыр фермерлер өз продукцияларын сата турган соода-логистикалык борборлор тармагы, ошондой эле айыл чарба техникаларын лизинг же ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар тейлөө станциялары керек.

Ар бир аймакта фермерлер үчүн өз бизнесине тиешелүү бардык суроолорго жооп жана сунуш ала турган консультативдик борборлорду түзүү зарыл.

11
Элет өнүксө – эл өнүгөт

Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

– Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү;

– Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

– Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу.

– Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу.

– Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. А мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу.

12
Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору

Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек.

Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү.

Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек.

Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек.

Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе.

Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот.

Чүй облусу  үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат.

13
Мекендин кадыры алыстан билинет

Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды.

Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек.

«Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек.

Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл.

Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

– Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу;

– Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү;

– Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү;

– Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү.

Бир сап менен

  • Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт.
  • Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо.
  • Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш.
  • Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек.
  • Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа.
  • Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу.
  • Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл.

Соңку сөз

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз.

Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр.

Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз.

Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар