14:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясы: Үйсүз үй-бүлө — үнсүз булбул

«Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы программасында улуттун уңгусун улаган үй-бүлөнү унутта калтырган жок! «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө көңүл буруп, мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесин колдойт.

Үйсүз үй-бүлө — үнсүз булбул

Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда.

Биздин сунуш:

  • Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо;
  • Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу;
  • Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу;
  • Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу;
  • Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылооүчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет;
  • Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — мамлекеттин өнүгүшүнө чоң багыт берет! «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар