04:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жети айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашты

Быйыл январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Статистика комитети билдиргендей, былтыркыга караганда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21,7 пайызга азайган. Ошол эле учурда экспорт 1,7 пайызга көбөйсө, импорт 31,3 пайызга кыскарган.

Январь-июль айларында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,3 миллард долларды түзүп, 2019-жылга караганда 17,9 пайызга азайды.

Эң көп окулган жаңылыктар