07:45
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жылдыз Мусабекова — «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова учурдагы шайлоодогу саясий кырдаалга токтолуп, албармандарга ток этээр сөзүн айтып, айрым такталбаган маалыматтарга чекит койду.

— Саламатсызбы Жылдыз Аманбековна, акыркы учурдагы саясый кырдаалдар кандай болуп жатат?

— Мекенчилдик эмнеден башталат? Мамлекеттүүлүк символдорун сыйлап, урматтоодон. Азганакай элиңдин барына топук кылуудан. Башаламан, эки жүздүүлүк, кылмыштуулук күч алса кыйналбай, кысталбай, мамлекетке жүгүн артпай, кадыр-колко кылбай, белдерин бекем бууп, бешенесине жазган тагдырларына моюн сунуп жашап аткан кыйын элибиздин бары кандай сонун. «Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч», «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген улуу философия менен жашаган кыргыз телибай тентектерин, уул, кыздарынын каталарын кечирип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алат. Кыйын кырдаалда бир-бирине калкан, кылыч, белине кырчоо эл биз кыргыз эле болсок керек. Мекенчилдигибизди баса белгилегендин дагы бири биздин туубуз. Кай өлкөгө барбайын, ар кандай иш чараларда имарат ичинде башка калкынын саны бизден миң, миллион эсе көп улуттардын жанында тууң желбиреп турса, көкүрөктөгү сыймык көөдөнүңдү козгоп, көзгө жаш алдырат.

Дүйнөдө 20-30-40 миллион эли бар бирок, мамлекети жок улуттар толтура. Мамлекет кура албай зар какшап жүрүшөт. Азганакай болсок да Кыргызстан деген күнөстүү өлкөбүз бар экенине сыймыктанамын.

Жылдыз Мусабекова.

— Жакынкы аралыкта эле ««Мекеним Кыргызстан» партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды» деген талкуу кетти ага сиздин көз караш кандай?

— Өткөндө ««Мекеним Кыргызстан» партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды» деп, Американы ачкандар эмгиче айтып деп бүтө албай, ыңгайы келе калганда ала жатканды адат кылышты. Анда эмесе өткөнгө кайрылайын. Эсиңерде болсо керек, былтыры Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда гей-парад өткөн. Болгондо да борбордук аянтта. Курманжан датка энебиздин эстелигинин алдында топтошкон маңкурттар бетибизге көө жапкан. Албетте, билбегенге бир эле митинг өттү, гейлердин желегин көтөргөн. «Анын эмнеси бар экен?» деп ырсактап, тыңсынгандар да кекиртектен болду. Ооба, билгенге улуттун уңгусуна сокку согулду. Кыргыз элинин келечегине балта урулду, кылычы кыя чабылды... Мамлекетибиздин борбордук аянтында гейлердин парады өткөнү бул маскарачылык, маңкурттуктун жеткен чеги. Кыйын күндө өз баласынын башынан кечип, өрөөндүн элин сактап калган Датка энебизди мазакташты. Кыргыз элинин энелеринин көөдөндөрүнө түкүрүштү. Алайлык бир эл өкүлү үн каттыбы? Борбордук аянтта Манас турат, «Манастын атына шек келтирдиңер» деп бир таластык эл өкүлү бакырдыбы? Жок! Айрым бейөкмөт уюмдардын бейжайынан, бет тырмаганынан чочуп коомайланышты. Улут, нарк, насил маселесине келгенде дудук, дүлөй, сокур...Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып келаткан тарыхына, үрп, адатына, салтына, бүтүндөй баалуулуктарыбызга, ата, бабалар мурасына сасыктарды сайрандатып, тебелеп, тепсеттирдик! Өтө өкүнүчтүүсү, энебиздин, Манастын эстелигин мазактагандар кыргыз жөнүндө эмне деп гана жазган, айткан жок. Өңчөй «киргиздер» чогулуп алып кыргыздын кымыз, айыл, кыргыз жыттанган уул, кыздарын «мырк, тупоголовые, колхоз, мрач, срач, необразованные тупые» деп ооздорунун отуз эки тишин көргөзө каткырышты. Ошондо эч ким бакырып чыккан жок!

— Жылдыз Аманбековна, «Саясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көз карегиндей аздектелет», деп жүрөсүз. Ошондой чыгаандар арабызда барбы?

— Мамлекет жалгыз. Жападан жалгыз. Кызыкчылыктар болсо миң сан, керек болсо миллиард. «Кыйын кезде кыргыздын кырына кырчоо, белине белбоо болом» деген интеллигенция өтө аз экенине ынандым. Акыны да, жазуучусу да жым болуп жымырап гана жатышты. Алыска кепти созбойун, Акаев доорунда бир канча жыл жумуртка басып, түндүк көтөргөн аял борбордук аянтта турду. Оозуна талкан сугунуп алгансып эч ким лам дешпеди. Дээрлик өзүн интеллигенция эсептеген көбүнөн ошо кезде ушу аял боюнча, дегиле эле мамлекеттүүлүк маселесине келгенде пикир сурасаң «айланайын, Ала-Арчага көмүлбөй калам» деп артын карабай качышчу. Мен жетектеген «Айат» гезити 2010-жылдан кийин сандан-санга саймедиреп отуруп, араң эки жылдан соң каражолтой аялды алып тындык. Ага чейинки Убактылуу өкмөт да «лам» деген эмес!

Туура, саясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көз карегиндей аздектелет.

Жылдыз Мусабекова.

Айтор, биз нан тебеледик казанга түштүк, эркегибиз катын болгонуна сыймыктанып, кыздар чай куйганды чанды...Улутка сокку урулуп атканда айрым урматтуу уулдарыбыз, кымбаттуу кыздарыбыз баштарын коңулга катып, катарыбыздан качты эле, кадимки кыргыздын эле карапайым уулдары боз үйдөн туу желбиретишсе жинигип кала сакташты. Алардын ою боюнча гейлердин желеги желбиресе желбиресин, кыргыздын желеги кара жерге кирсинби?...

Ар бир кыргыздын үйүнүн түндүгүнөн Кыргызстан деген мекенибиздин желеги желбиресин. Биз, кыргыздар тээ Манас доорунан бери эркиндикти эңсеп келгенбиз, эркиндик деп Алтайдан Ала-Тоого көчтүк. Баасы бир ушунча кымбат болду. Далай кан төгүлдү. Кыргыз баспаган жер, суу, тоо, токой, зоо, аска, кыргыздын балтасы чаппаган кайың, тал, терек, арча калган жок. Канча кан менен эңсеген эркиндикке ээлик кылган ата-бабаларыбызга таазим! Миңдеген жылдарды карыткан тарыхыбызга кудайга миң мертебе шүгүр... Бир кезде «ээнсирейт эркиндиктин аралы!» деп жаздым эле, элибиз эч качан ээнсиребесин! Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган жүрөгү кудайдан корккон мыкты уул, кыздарыбыз көп, ууч кур эмес...

Анткени азыр Кыргызстан деген мамлекетибиз бар! Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактайлы, эркелетели, ардактайлы, барктайлы, мактаналы! Ырыскыбызды теппейли. Жаманбы, жакшыбы эгемен элбиз, ушунубуз кут болсун!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар