Жалал-Абад жана Баткенге ички аба каттамдары жандандырылды

14:23, 11 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

«Манас» эл аралык аэропорту Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички аба каттамдарын жандандырууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап, аптасына бир жолу — шейшемби күнү учмакчы.

Ал эми Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 18-сентябрынан баштап, аптасына бир жолу жума күнү учат.

Каттамдар «Тез Джет» авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.