11:26, 11 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, Баткен облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 1, Ош шаарында — 1.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3163 учур катталды, алардын ичинен 2657 медкызматкер айыгып чыкты.