11:24, 11 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Бир суткада 77 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, Бишкекте — 17, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 5, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 13 жана Баткен облусунда — 19.
Март айынан бери вирусту Кыргызстанда 44 миң 761 киши жуктурду.