Премьер-министри Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Анын маалыматы боюнча, өкмөт башчы Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышат.
«Премьер-министр ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн көрүп келет», — деп маалымдайт басма сөз кызматы.