Ошто жер титирөө катталды

10:03, 11 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирет.

Маалыматына ылайык, саат 17:51де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.