14:07
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

4-октябрда — 4-номерде! «Мекеним Кыргызстан» -ар бир кыргызстандыктын партиясы!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды. Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. 2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды.

Баса, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 4-октябрда — 4-номерде!

4 саны жапондордун айтымында, 1 менен 9 аралыгындагы сандардын бири сиздин маңдайыңызга жазылган тагдыр саны болуп эсептелинет. Бул сан сиздин кулк-мүнөзүңүздү, өзгөчөлүктөрүңүздү, касиетиңиз менен жөндөмдүүлүгүңүздү аныктап берет. Албетте, ким эле болбосун өзүнүн кандай экенин билгиси келет...

...Шайлоо деген жайлоодо жүргөн талапкерлер да түндөн бери сандарды санап, «салмагы сайдын ташындай» деп саймедиреп жатышат. Ошентип «Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт» демекчи, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын маңдайына 4 саны буюрду.

...Акча мыйзамында 4 саны бул туруктуулук. Бул сан толуктугу, эс тутум, эмгек акы, аманат, пенсия дегенди түшүндүрөт. 4 саны нумерологияда чынчыл тапкан акчаны билдирет. Бул сан үнөмдөөнү токтотуп, кирешени көбөйтпөйт же азайтпайт.

...4 саны—сиздин эмгекте тапкан кирешеңиз бир гана өзүңүздүн маңдай териңиз менен келет. Айланаңыздагылар сизге качан болсо да ишеним артышат. Бирок, досторуңуздун көбү ишеничсиз болушат.

...4 саны таланттуу уюштуруучунун тагдыры. Мындай адам өз тагдырын өзү жасайт, өзү курат, өзүн өзү ийгиликтерге жетелейт. Анын өмүрдөгү орду бош же жөн эле кыялы эмес. Каалаган, кыялданган нерселердин баары ишке ашат. Анын тагдыры каныккан болот жана алар эмне болбосун баарын уюштура алышат. Өтө чебер, калыс, тартиптүү, ишеничтүү. Алар ар бир ишке өтө жоопкерчиликтүү карайт. Жардам сурагандардан жардам аябайт, сунуштарды угат, маңыздуусун сурап калат. Ар бир маселеде ашыкпайт, шашылбайт, кыйынчылыктардан качпайт. Ак ниеттүүлүк, сабырдуулук, чечкиндүүлүк алардын башкы принциптери. Алар менен чогуу жүрүү жаркын жашооңуз үчүн ишенимдүү, ар бириңиз үчүн ийгиликтүү болот.

Андыктан, 4-октябрда — 4-номерди тандаңыз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы — жаркын келечек, жакшы жашоо!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар