13:52, 10 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду.
Биздин сунуш:
— Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо;
— Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу;
— Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу;
— Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо;
— Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын — Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу.
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.