Кыргызстан Кувейт менен аба каттамдарын жандандырды

12:17, 10 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Жарандык авиация агенттиги билдиргендей бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Бишкек — Эль-Кувейт» багыты боюнча каттай баштады.

Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак учуп жатат.