16:38, 09 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Пандемия мезгилинде ишкерлерди колдоо үчүн ишке ашырылып жаткан программанын алкагында 5 миңге жакын ишкер 3,2 миллиард сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Жеңилдетилген насыя программасы үч ай мурда башталып, ага жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн.
«Ал каражаттын 2 миллиард сому банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 миллиард сом Каржы министрлииги аркылуу берилүүдө. Бүгүнкү күнү 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алып, иштетип жатат», — деди ал.