12:06, 09 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Талас облусунда коронавирустан бир киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Март айынан бери вирус жана пневмониядан 1 миң 63 киши көз жумду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Жалал-Абад облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3159 учур катталды, алардын ичинен 2616 медкызматкер айыгып чыкты.