04:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңешке ат салышкан 19 талапкерге карата иш козголгон

Жогорку Кеңешке ат салышкан 19 талапкерге карата иш козголгон. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Алардын маалыматында, 15 партиядан 1912 талапкер ат салышууда. Анын 1641и соттолгон эмес.

221и талапкердин соттолгондугу алынган. Белгилей кетсек, Кыргызстанда соттолгон адам жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин 3 −15 жылдан кийин соттолгондугу алынат.

Парламентке депутат болууну самаган 50 киши боюнча соттун чечими жок.

БШКнын билдирүүсүндө, 26 талапкер акталган жана ага карата иш токтотулган. Дагы 19 талапкер боюнча иш каралууда.

 

Эң көп окулган жаңылыктар