15:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 56 млн куб метрди түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 56 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 477 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 303 куб метрге жетүүдө.
 
Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.
Эң көп окулган жаңылыктар