09:19, 09 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак уча баштайт. Бул тууралуу «Азаттык» Жарандык авиация департаментине шилтеп билдирет.
Маалыматта Бишкек — Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданары айтылат. Учууларды «ТезЖет» аба компаниясы жүргүзөт.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Баткен жана Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон.
8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак учуп жатат.