16:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясы курамына мыктыларды топтоду

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы биринчилерден болуп тизмесин түзүп, жарыялады.

• «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан бардыгы болуп 200 талапкер катталды.
• Орточо жаш курагы 40-45 жаш.
• Алардын ичинен 31и улуттук азчылыктын өкүлдөрү.
• Төртөө (4) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан.

Талапкерлердин арасында учурдагы парламенттин бир нече депутаты бар, бирок бул саясий жүрүштө жаңы жүздөргө басым жасады.

Алсак, коррупция жаатындагы иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Элнура Алканова, юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз, көрүнүктүү ишкер Кылыч Исамамбетов өңдүү мыктылар алдыңкы катарда турат.

Ал эми айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Мирлан Бакиров, Эрлист Акунбеков сыяктуу талапкерлер бар. Мирлан Бакиров дыйкандарды колдоо үчүн бир нече мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү иштеп чыкса, Эрлист Акунбеков айыл чарбага байланыштуу маселелерди айттырбай билет. Ал ийгиликтүү иштеп жаткан фермерлик бизнести көп жылдардан бери жетектеп келет. Сугат жана талааларды кайрадан иштетүү боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Акунбеков жети агро-лабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү.

Экономика жаатын Марлен Маматалиев сыяктуу жаш бизнесмендер, ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Раимкулов, ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарды түзүп, жакынкы аралыкта Нарын дарыясына курууну ниет кылган Абас уулу Кубанычбек өңдүү тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөйт.

Социалдык жактан өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында тажрыйбасы мол Гүлмира Шакирова бара жатат.

Мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча тажрыйбалуу юристтер жана саясатчылар — юрист Татьяна Карыжинская, юридика илиминин доктору Эрлан Базарбаев жана учурдагы парламенттин депутаты Искендер Матраимов иш жүргүзмөкчү.

Мигранттарыбызды колдоо боюнча маселелерде миграция боюнча министрликтерде жетекчилик кылган, Орусиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында белгилүү инсан Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, көп жылдар бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген Ибрагим Жунусов иш жүргүзмөкчү.

Партиябызда сергек жашоо образынын концепциясын алга сүрөй турган спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова, кикбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңичүүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов, ошондой эле кикбокс боюнча Дүйнөнүн чемпиону Шайлообек Атазов бар. Бул спортчулар өз карьерасында көптөгөн ийгиликтерди багынтты, эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү ниет кылууда.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын жарк эткен мүчөлөрүнүн бири Толкунбек Исаков. Бала чагында оорунун айынан көзү такыр көрбөй калган, буга карабастан өзүн профессионал спортчу катары калыптандырып, азыркы убакта майыптардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы кызматын аркалайт.

Партиянын тизмесинде парламенттин мурунку спикери Ахматбек Келдибеков да бар. Бул кызматта отурган убакта башкы мыйзам чыгаруу органы эч кимге көз каранды болбой, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы натыйжалуу мыйзам долбоорлору кабыл алынган.

Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамында жетекчилик кызматта отуруп бюджеттин өсүшүнө жана бюджеттин эсебинен айлык алуучулардын айлыгын көтөрүүгө чоң салымын кошкон мыкты башкаруучулар да бар. Муниципалдык кызматта Бакытбек Дюшембиев, Жапар Ормонов жана Мирлан Амантуровдун тажрыйбасы чоң.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар