Кыргыз жарандарына Россияга кирүүгө жакынкы күндөрү жол ачылат

15:11, 08 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргыз жарандарына Россияга кирүүгө жакынкы күндөрү жол ачылат. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын маалыматында, Россия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды.

«Учурда Россияга Кыргызстандын айрым жарандары кире алат. Алар: Россиянын жарандыгы барлар, Россияда жакын туугандары барлар (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө), медициналык жардамга муктаждар, жакын туугандары каза болсо, бейтапты караган адамдар жана спортчулар», — деп маалымдады Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчысынын билдирүүсүндө, учурда Тышкы иштер министрлиги Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүрүзүүдө.

«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат.
Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», — деп айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 21-августта 32 өлкөгө эшигин ачты.