Кубакы ашуусунда жол кырсыгында бир адам каза болду

12:26, 08 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кубакы ашуусунда жол кырсыгында бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Фото

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) «Volkswagen Polo» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы адам каза болгон.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.