Бишкекте коронавирустан бир киши каза болду

11:34, 08 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте коронавирустан бир киши каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Март айынан бери вирустан 1 миң 62 киши набыт болду.

Учурда стационарларда 551 бейтап, амбулаторияда 2 миң 627 бейтап дарыланууда.

Өткөн суткада Ош облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 17 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3158 учур катталды, алардын ичинен 2600 медкызматкер айыкты.