11:34, 08 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте коронавирустан бир киши каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Март айынан бери вирустан 1 миң 62 киши набыт болду.
Учурда стационарларда 551 бейтап, амбулаторияда 2 миң 627 бейтап дарыланууда.
Өткөн суткада Ош облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 17 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3158 учур катталды, алардын ичинен 2600 медкызматкер айыкты.