17:32, 07 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Дүйнө жүзүндө жалпы 27 миллион 115 миӊ 56 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 889 миӊ 37 адам каза болду. Бул тууралуу Джонс Хопкинс Университети билдирет.
Алардын маалыматында, АКШда — 6 миллион 277 миң 4 киши ооруса 188 миң набыт болду. Америка ковидден өлгөндөрдүн саны боюнча алдыда турат.
Индияда ооругандар — 4 миллион 204 миң 613, каза тапкандар — 71 миң 642.
Бразилияда — 4 миллион 137 миң 521, каза тапкандар — 126 миң 650.
Россия — 1 миллион 27 миң 334, каза тапкандар — 17 миң 818.
Перу — 689 миң 977, каза тапкандар — 29 миң 838.
Колумбия — 666 миң 521, каза тапкандар — 21 миң 412.
Түштүк Африка Республикасы ооругандар— 638 517, каза тапкандар — 14 889.