Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылды

14:58, 07 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, калктуу конуштарда 3-4G түйүнү иштөөдө.

«Бул калктын басымдуу бөлүгү интернетке туташа алат дегендик. Ошол эле учурда пандемия мезгилинде интернетти колдонуу трафиги 64 пайызга өстү», — дейт ал.