18:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Казакстан чек арасындагы «Каркыра» ɵткɵрмɵ пунктунун иши калыптанды

Казакстан чек арасындагы «Каркыра» ɵткɵрмɵ пункту ɵз ишин кайтадан баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет.

Мекеме берген маалыматка ылайык, пункту 8:00дɵн 18:00гɵ чейин иштейт. Чек арадан жарандар, унаа, жүк, товарлар жана мал ɵткɵрүлɵт.

«Казакстандагы эпидемиологиялык жагдайды эске алып, кыргызстандыктар жана чет ɵлкɵлүк жарандар казакстандык тарап койгон чектɵɵлɵр менен таанышып чыгуусу керек. «Каркыра» пункту электрондук виза боюнча чек арадан ɵткɵрбɵсүн эске салалы», — дешет кызматтагылар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума