Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгында тартылган видеолорду өчүрүүнү суранды

11:01, 07 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгында тартылган видеолорду өчүрүүнү суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Ал 26-июнда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги авто кырсык болгон жерде жана андан кийин ооруканада жашырып тартылган видеолорду өчүрүү керектигин айтат.

«Ушундай сүрөт-видеолорду таркаткандар силер бирөөнүн кайгысын түшүнбөсөңөр керек. Чара көрүлдү. Биз силер менен сотто жолугушабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова кырсыктан кийин операцияны баштан өткөрүп, учурда калыбына келүүдө.

Жакында эле ал инстаграм баракчасына пост жазып, анын саламаттыгы үчүн дуба кылган элге ыраазычылык билдирди.