Ош шаарында кездеме ишканасынан өрт чыкты

10:32, 07 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында кездеме ишканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Кең-Сай айылында жайгашкан кездеме ишканасынан кечээ кечинде өрт чыккан. Тилсиз жоо 1,30 сааттан кийин чектөөгө алынып, түн жарымда толук өчүрүлгөн.

Фото

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метрди түздү. Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.