16:13, 04 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Пандемия учурунда Кыргызстандын 25 илимпозу көз жумду. Бул тууралуу КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Тыналиева билдирди.
Ал илим тармагы дагы вирустун айынан оор жоготууга учураганын белгиледи.
«Биз алардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Улуттук илимде чоң жоготуу болду. Бул жараатты айыктырууга убакыт талап кылынат», — деп билдирди ал.
Бакыт Тыналиеванын маалыматында, Кыргызстанда 1 миң 131 илимдин доктору, 4 миң 835 илимдин кандидат бар.