Кыргызстанда издөөдө жүргөн жаран Москвада кармалды

15:27, 04 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москва шаарында кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну 2016-жылдан бери издөөдө болгону айтылат.

Фото

Ал Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренеси (Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен айыпталууда.

«Такталган маалымат боюнча жогорудагы жаран 2015-жылы күз айында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барып, 2001-жылы туулган кыздын боюнда бар болуп калган. Андан кийин ал изин жашырып качып кеткен. Андан соң ал Россиянын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталган», — дейт ИИМ.

Шектүү Москва шаарындагы тергөө абакка камакка алынды. Минск конвенциясына ылайык шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе Россиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.