COVID-19. Баткен облусунда вирустан бир адам каза тапты

11:24, 04 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда вирустан бир адам каза тапты. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, башка аймактарда коронавируска чалдыккандардын арасында өлүм катталган жок.

Март айынан бери коронавирус менен 44 миң 227 киши ооруп, 1 миң 61 киши коронавирустан көз жумду.