COVID-19. Ооруканаларда 613 бейтап вирустан дарыланууда

11:36, 03 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Учурда ооруканаларда 613 бейтап вирустан дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Дагы 4 миң 796 вирус жугузган адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада өлүм жана медициналык кызматкерлер арасында вирус жугузуу катталган жок.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска 44 миң 135 чалдыгып, анын 1 миң 58 адам набыт болду.