Кыргызстанда Кавасаки синдрому каттала элек. Аны дарылоого даярдык көрүлүүдө

09:47, 03 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому каттала элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, кыргыз дарыгерлери бул оор илдетти аныктоого жана дарылоого даяр.

«Буга чейин COVID-19 кары-картаңдар үчүн оор деп ойлосок, эми жаш балдар арасында дагы оорлошуулар айтылууда. Андыктан төртүнчү клиникалык протоколдо балдарды дарылоо жолдору дагы киргизилди. Анда Кавасаки синдрому боюнча дагы айтылды», — деп билдирет мекеме.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 1 миң 120 бала вируска чалдыкты.