17:31, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Билим берүү жана илим министрлигинин кадимки режимде окууну калыбына келтирүүнүн бир нече варианты бар. Бул тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекова «Ала-Тоо-24» эфиринде билдирди.
Айтымында, кырдаал турукташканда, биринчи кезекте 5инчи, 9унчу жана 11-класстарынын окуучулары кадимки режимге кайтып келмекчи.
Дагы бир план боюнча, биринчилерден болуп 2-класстын окуучулары сабагын баштап, андан кийин мектеп 5, 9 жана 11-класстын окуучулару үчүн ачылат.
Эң негизгиси — балдардын, ата-энелер жана мугалимдердин коопсуздугу экенин баса белгиледи министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, бүгүн мектепке 1-класстын окуучулары гана барышты. Андан жогорку класстар азырынча онлайн окушат. Билим берүү жана илим министрлиги 1-чейректе окуучулар аралыктан окууну улантарын маалымдаган.