14:03, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
2020-жылдын 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечиминде айтылат.
Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик чек ара кызматына контролдоо-өткөрүү пункттарында кызмат өтөөнү күчөтүүнү тапшырды.
«Чек ара инциденттерин, жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо боюнча калк менен максаттуу алдын алуучу-профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 25-сентябрынан тарта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо күчөтүү», — деп айтылат чечимде.
Коопсуздук кеңеши шайлоо өнөктөгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү.
Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштери башталат. 4-октябрда добуш берүү өтөт.