COVID-19. Кыргызстанда 1 миң 120 бала вируска чалдыкты

12:11, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 1 миң 120 бала вируска чалдыкты. Бул тууралуу бүгүн брифингде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын адистерди кайра даярдоо жана окутуу кафедрасынын жетекчиси Венера Шүкүрова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын августь айына карата Кыргызстанда вирус менен ооруган балдардын саны 1 миң 120ны түздү. Алардын 117си бир жашка чейин, 354ү 1-5, 649у 6дан 14 куракта.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу балдар арасында жыл башынан бери пневмония аз катталды.