11:58, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Улуттук статистикалык комитети эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылганын эскертет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Алардын маалыматында, социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатканын айтып, белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышкандыгы тууралуу айтылууда.
«Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүргөн жоктугун расмий түрдө билдирет», — дейт мекеме.