11:36, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, кечээ 4 медициналык кызматкер ооруканадан, 9у үй карантинден айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3 миң 136 учур катталып, алардын ичинен 2 миңи 496сы айыкты.